БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Талас — Тараз — Суусамыр жолунда эки унаа кагышып 10 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-январь күнү кечки саат 6.30да болгон. "Хонда-Одисей" үлгүсүндөгү унаа менен чыгышты көздөй кетип бараткан 24 жаштагы Адилет аттуу айдоочу рулду башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып, аны көздөй келе жаткан "Тойота-Ипсум" унаасы менен кагышып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен унаалардын эки айдоочусу менен сегиз жүргүнчү ар кандай жаракат алып, Талас облустук ооруканасына жеткирилген. Анын төртөө ооруканага жаткырылды.
Учурда эки автоунаа тең айып короого токтотулуп, материал Талас райондук Ички иштер бөлүмүнө берилди. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалганы кабарланууда.