БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Майкл Макфит анын чучук тууралуу айткандары Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда согушка жол ачышы мүмкүн деп коркконун The Guardian басылмасы жазат.
Макфит жазган билдирүүсүн өчүрүп кечирим сурап, кимдир бирөөнү кемсинтүү оюна келбегенин айтат. Ал 3-январда "Манас" аэропортунан кармалып, кийин бир нече күндөн кийин Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн өлкөдөн чыгарылган.
The Guardian басылмасы учурда Макфит Перзшир шаарындагы үйүндө экенин жазат.
"Милиция кызматкерлери менин социалдык тармакта жазгандарым эки мамлекеттин ортосундагы согуштун чыгышына алып келиши мүмкүн деп коркутушту. Мени кармап кылмышка тартуу боюнча 17 барактан турган документти да көрсөтүштү. Кенде иштеген кызматкерлер менин билдирүүмдөн кийин нааразычылыкка чыгышты", — деген пикирин ал гезитке билдирген.
Ал бул жолу өтө одоно тамашалаганын айтып, чындыгында чучук жылкынын жыныс органынан жасалгандай көрүнгөнүн айткан.