БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Сот "Кумтөр" компаниясынын кызматкери Майкл Макфитти депортациялоо боюнча чечим чыгарганын Каракол шаардык соту билдирди.
"Аталган жаранды депортациялоо боюнча соттун токтому чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсү деп жазган.