00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чучук чуусу: Макфиттин ата-энеси билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековКазанга салынган чийки чучук. Архив
Казанга салынган чийки чучук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк маалымат каражаттары Майкл Макфиттин жакындарынын сөзүн келтирип жатышат. Алардын айтымында, Макфитке кыргыздын чүйгүн тамактары абдан жаккан.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Чучукту Facebook тармагындагы баракчасында жылкынын жыныс органына теңеген Майкл Макфиттин ата-энеси маалымат каражаттарында билдирүү таратты.

"Кумтөр" компаниясында иштеген кызматкердин ата-энеси Жон менен Мэрилин Майклдын оюнда кири жок экенин айтышууда.

"Уулубуз ашпозчу даярдаган тамактардын баарын жактырчу. Жергиликтүү ашкананын тамактарын куштарлануу менен айтып берчү. Майкл бул жергиликтүү чүйгүн тамак экенин айткан", — деди 63 жаштагы фермер Жон Макфит.

Алар жаралган түшүнбөстүктөр дипломаттардын кийлигишүүсү менен чечилерине ишеним артышууда. 

Кыргызстандыктарды таң калтырып, чочуткан чет элдик тамактар
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган текстин жазган. 

Социалдык тармактарда бир топ ызы-чуу жараткан постун өчүрүп, Макфит кечирим суроого аргасыз болгон. Аны укук коргоо кызматкерлери "Манас" эл аралык аба майданынан кармашкан.

Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин "Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутканы үчүн" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин УКМК карап жатканы айтылган. Учурда Макфит Каракол шаарында экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0