БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин "Манас" жана "Эр Төштүк" эпосторунан башка чыгармалары камтылган "Саякбай" аттуу китептин жаңыртылып жана толукталып үчүнчү ирет басылып чыга турганын манасчы Улан Исмаилов билдирди.
Маалыматка ылайык, китеп алгачкы жолу 2014-жылы жарыкка чыккан. Бир жылдан кийин дагы бир ирет басылып, калбай калган.
Кийинки китеп 2016-жылдын май айында чыгаруу пландаштырылган. Ага улуу манасчынын "Делдеш баатыр", "Азапты көп көргөн Кубат", "Унутулгус күндөр", "Алгырлар", "Тулпарлар", "Зайыптар, "Карамолдо", "Менин балалыгым" сыяктуу чыгармалары кирген.
Китеп үч миң нуска менен "Саякбай манасчы" коомдук фондусу чыгарууда. Сатыкка 1000 сомдон чыгары каралган.