БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Кувейт мамлекетинен Катарга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Атамбаевди расмий узатуу салтанатына Кувейттин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах катышты.
Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин гимндери аткарылып, андан соң мамлекет башчылар Ардактуу кароолдун катарын кыдырып чыгышты.
Андан кийин Атамбаев Катарга иш сапар менен жөнөп кетти.