БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кечээ, 12-декабрда расмий сапар менен Кувейтке келди. Ал жерден президент Кувейттин жетекчиси менен жолугуп кыргыз-кувейт инвестициялык форумуна катышат.
2015-жылы июнь айынын ортосунда Алмазбек Атамбаев Кувейт Эмиринин администрация жетекчиси Шейх Насер Сабах аль Ахмед аль-Джабер Аль Сабахты кабыл алган болчу.
Буга чейин Атамбаев Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барган.