БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын Тюмень облусунда кыргыз маданиятынын күндөрү өтө турганын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда өтүүчү иш-чара аймактагы "Биримдик" коомдук уюмунун демилгеси менен "Биримдик. Ынтымак. Ырашкерлик" ураанынын алдында өтмөкчү.
Уюмдун төрайымы Канзада Сманованын айтымында, иш-чара кыргыз элинин улуттук каада-салтын сактоо жана жайылтуу, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоону көздөйт.
Программада волейбол жана улуттук оюн күрөш боюнча жолдоштук беттешүүлөр каралган.