БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Туңгуч" театры бөбөктөр үчүн "Лотос кыз" деп аталган жомок-спектакль даярдап жаткандыгын аталган театрдын жетекчиси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова Sputnik маалымат агенттигине билдирди.
"Жомокту "Отунбаеванын демилгеси" фондусунун көмөгү менен "Лотос кыз" спектаклин даярдап жатабыз. Биз кытай элинин кийимдерин, музыкасын жана жомокторунун кээ бир идеяларын пайдаландык", — деди Сейдакматова.
Жомок балдарга 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми 18-декабрда 12:00дө Кожомкул атындагы Спорт сарайында тартууланат. Ал эми 2016-жылдын 4-5-6-январь күндөрү саат 15.00дө Кыргыз улуттук филармонияда тартууланат.
"Мындай чоң сахналарды тандап алгандыгыбыздын себеби, жомокто 17 метр узундукта жасалган ажыдаарды пайдаланабыз", — деп билдирди Сейдакматова.
Учурда "Туңгучтун" артисттеринин репетициясы кызуу жүрүп жатат.