Sputnik маалымат агенттиги өткөн аптада болгон орчундуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Өткөн аптада Индиянын түштүк аймагынын тургундары суу ташкындын айынан үй-жайсыз калды. Жаратылыш кырсыгы 200дөн кем эмес кишинин өмүрүн алган. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Манассас шаарында (Виржиния штаты) шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда аялдын көкүрөгүнө кол коюп берди.
Ошондой эле, өткөн жумада жети күн, жети түн бою Манас айтылды. Ушул жана башка урунттуу окуяларды сүрөттөн караңыздар.
Манассас шаарында (Виржиния штаты) АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп шайлоо алдындагы кампаниясын өткөрүүдө. NBC каналы жана Wall Srteet Journal тарабынан ноябрь айында жүргүзүлгөн сурамжылоого алайык, Трамп республикачы талапкерлердин ичинен экинчи орунда келе жатат. Биринчи орунда мурдагы хирург Бен Карсон болсо, үчүнчү орунда Флоридадан сенатор болгон Марк Рубио турат
Англиянын түндүгү жана Шотландиянын түштүгүнүн тургундары капыстан нөшөрлөп жааган жаандан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнүн түндүк-батыш аймагында 200дөн ашык үй суу астында калды
Куралданган эки киши Калифорниянын Сан-Бернардино шаарындагы офистер жайгашкан имаратка кирип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 14 киши каза болуп, 21 киши жаракат алган. Кол салган кишилер бир нече сааттан кийин окуя болгон жерден изин жашырууга үлгүрүп кетишкен, бирок, полиция тарабынан атылып жок кылынган
Индиянын Тамилнад штатында нөшөрлөп жааган жаандан улам 200дөн ашык киши үй-жайсыз калды. Жаандан улам дарыялар нугунан чыккан. Жаратылыш кырсыгынын айынан 200дөн кем эмес киши каза болгон
Британиянын ханзаадасы Гарри регби боюнча команданын талисманы менен (Түштүк Афтика). Гарри өзүнүн Түштүк Африкадагы кайрымдуулук иштерин 2006-жылы баштаган. Ал Лесотонун ханзаадасы Сееисо менен канбийке Диананын жаркын элесине арнап Santebale фондун негиздеген
Липецк шаарынын тургундары РФтин аба-космикалык күчтөрүнүн Сирияда каза болгон подполковниги Олег Пешков менен коштошууда. Су-24 учагынын пилоту Пешков учак кулагандан кийин андан чыкканга үлгүргөн, бирок, жерден атылган террорчулардын огунан каза болгон. Су-24 учагы Түркиянын F-16 учагы тарабынан Сириянын аймагынан атып түшүрүлгөн
Париждеги климаттык конференцияда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин көңүлүн бурууда. Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча БУУнун конвенциясына мүчө мамлекеттердин жолугушуусу 1992-жылдан тарта өтүп келет
Facebook сайтынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 1-декабрда кыздуу болгонун өзүнүн баракчасында жар салды. Ал жубайы Присцилла менен биргеликте компаниядагы акциясынын 99 пайызын өмүрүнүн акырына чейин кайрымдуулукка жумшай турганын билдирди. Учурда акциялардын баасы 45 миллиард доллар деп бааланат
Британиянын "Битлз" тобунун фанаттары Мексиканын борборундагы иш чарага чогулду. Бул жыйын Гиннес рекорддор китебине кириши мүмкүн. Уюштуруучулар музыканттардын кийимин 294 киши кийип келгенин санап чыгышкан
Россиянын эл артисти Геннадий Хазанов президент Владимир Путинге императордук таажынын копиясын белек кылды. Ал белегин Путин аны 70 жылдыгы менен куттуктап, ага I даражадагы "Мекенге өтөгөн кызматы үчүн" медалы менен сыйлаган учурда тапшырды
Кыргызстандык манасчылар 4-декабрь "Манас күнүнүн" урматына жети күн бою тынбай Манас айтышты. Манасчылардын эң кичүүсү 10 жаштагы Үмөт болду. Сүрөттө манасчы Дөөлөт Сыдыков
Пакистандык качкын Грециянын Идомени айылындагы качкындар лагеринде. Бул аймак Македония менен чектешет. Деңиз аркылуу Европага келген мигранттардын жана качкындардын саны 773 миңге жеткенин Эл аралык миграция уюму билдирүүдө