"Мекендештеримдин жашоого жасаган жөнөкөй мамилеси мени өзүнө тартты. Алардын "төбөдө күн нурун чачып, астымда атым, жанымды үй-бүлөм турса, андан ашкан бакыт жок" деген сөзү мага абдан жакты", — дейт Кадырбеков.
Ал "Кыргызстандын эли" деп аталган рубриканын алдында өлкөнүн бардык дубандарын камтууга ниеттенип жаткандыгын айтты.

Күлкү бейпилдиктин белгиси. Ат-Башылык чоң эне жашоо Кудайга шүгүр экендигин айтты

Нарындык бөбөк. Кыздын сөйкөсү эле бир сонун экен

Жумгалдык шаңкылдаган шайыр жеңе

Нарындык комбайнчы. Башкысы дан жыйналып, нан болсун!

Ат-Башыдагы бала бакчадагы кичинекейлер.

Баары чуркап кетишиптир да, силерди элеби! Бутумду кийип алайынчы, анан көрсөтөм... Жумгалдык кичинекей кыз.

Күнгө тотуккан жүздөр. Нарындык байке.

Ия, сүрөткө тартып дейсинби? Жумгалдык үй кожойкеси.

Жемин бердим, чабактарын бөлдүм, иш деле калган жок. Балык фермасындагы кыз.

Быйыл түшүм жакшы. Демек, иш көп болот дейт жем майдалаган жайдын ээси.

Жылуу кийиндим, кечки суукту тоготпойм.

Үйгө киргиле, даам сызып кеткиле. Ат-Башылык эжеке.

"Соң-Көлдүн балыгын алыңыз", — дейт Бишкек-Торугарт жолунда балык саткан жылдыздуу кыз

"Башкысы, эл башчысы жакшы болсун. Андан кийин баары шыдыр кетет",— дейт ат-башылык аксакал.

Тоолук бөбөк.