БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана ардагерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн комплексин куруу башталганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкы тогуз кабаттуу беш турак-жай Медеров көчөсүнө түшсө, экинчи кезекте дагы үч там курулмакчы. Курулуш аяктагандан кийин ЖАМК кызматкерлери 293 батирге ээ болушат. Мындан тышкары, комплексте 160 орундуу бала бакчанын курулушу каралган.
Учурда бардык документация аяктап, курулуш үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мэрия менен сүйлөшүүлөр аяктады. Өз каражатына курулуш иштерин жүргүзүп, акчасын этап менен алууга даяр курулуш компаниясы да табылды.