Атамбаев Путинди туулган күнү менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана Россиянын башчысы Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путиндин эмгеги менен кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү деп эсептейт Атамбаев.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын башчысы Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда туулган. Быйыл ал 63 жашка чыкты.

Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында Россиянын жандуу жана көп кырдуу өнүгүүсү, эл аралык кадырынын өсүшү Владимир Путиндин иш-аракеттерине байланыштуу экени айтылат.

"Сиздин эмгегиңиз, лидерлик сапаттарыңыз жана жөндөмүңүз Россия элинин мындан аркы өнүгүүсүн шарттайт", — деп айтылат куттуктоодо.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын эли жана жетекчилиги Россия тарыхый жактан жакын, боордош өлкө экенин жакшы түшүнөт.

"Сиздин жеке катышууңуздун аркасында кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты", — дейт Атамбаев.

Атамбаев Путинге бекем ден соолук, бакыт жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0