БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын инспекторуна каршылык көрсөткөн айдоочу кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-октябрь күнү болжол менен саат 9.30да Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде инспектор тарабынан Honda CR-V унаасы токтотулган. Айдоочу кызматкердин талаптарына баш ийбей каршылык көрсөтүп, анын төш белгисин жулуп алган.
Аталган факт боюнча 41 жаштагы айдоочу кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.