БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоо эр аралык коомчулуктун көңүл чордонунда экенин биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирди.
Сарпашев жергиликтүү бийлик башчыларына төрт күндүн аралыгында шайлоо участкаларын дагы бир сыйра текшерип, добуш берүү үчүн жагымдуу маанай түзүүнү тапшырды.
"Дүйнөлүк коомчулук биздин парламенттик шайлоого болуп көрбөгөндөй кызыгуу жаратууда. Түштүк Америка, Африка, Азия – Тынч океан аймагы, Европа жана Түндүк Америка мамлекеттери Кыргызстанга 600дөн ашуун байкоочу жиберип жатат. Бардык өлкөлөрдү шайлоодо колдонула турган жаңы технологиялар кызыктырууда. Андыктан, шайлоонун жогорку деңгээлде өтүшү үчүн ар бирибиз жан үрөшүбүз керек", — деди чиновник.
Жыйын жүрүшүндө БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов добуш берүүдө бюллетендерди сүрөткө, видеого тартууга тыюу салынганы тууралуу жашоочуларга жеткирүү зарылдыгы белгиледи.
"Шайлоочу кабинада бюллетень жана ошол жерге бекитилген маркер менен калышы абзел", — деди төрага.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.