00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как Запад формирует новые смыслы на Евразийском пространстве — беседа с экспертом из Иойшкар-Олы
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Под куполом перемен: чем удивляет обновлённый цирк Бишкека
16:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Панкратов: ЕАЭБге кошулуу менен Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артты

Жазылуу
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Россиянын финансылык жана консультативдик колдоосуна ээ болду. Мунун баары Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырды, деп билдирди Экономика министрлигинин жетекчиси.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу жолунда ар кыл жардам көрсөтүп келе жатканын Экономика министри Олег Панкратов Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-россиялык аймак аралык конференцияда билдирди.

Анын айтымында, Россиянын финансылык колдоосу менен бажы көзөмөл пункттары жана лабораториялары тийиштүү жабдык менен камсыз болду. 

"ЕАЭБге кошулуу менен Кыргызстан дүйнө рыногунун кызыкчылыгын жаратып, атаандаштыкка жөндөмдүү боло баштады. Бул республикага инвестициянын келиши үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын бири катары уставдык капиталы бир миллиард долларды түзгөн Россия-Кыргыз фондун айтууга болот. Фонд ишкерлерге насыя берүүнү баштады", — деди министр.

Панкратов бул конференция эки мамлекеттин аймактары үчүн экономикалык байланыштарды жана ишкерлердин арасында келишимдерди түзүү аянтчасы болуп каларын кошумчалады.

"Биз унаа, энергетика, айыл чарба тармагындагы соода байланыштарды жеңилдетүүнүн жолдорун талкуулайбыз", — деди чиновник.

Экономика министри Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панкратов: Кыргызстандын товар жүргүртүүсүндө Россиянын үлүшү жыл сайын өсүүдө
Министр ЕАЭБ мамлекеттери биримдикке кошулуу менен пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонуусу керек экенин белгилеп өттү. Анткени, ЕАЭБдин географиясы продукцияны дүйнөнүн булуң-бурчуна экспорттого шарт түзөт.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 12-августтан тарта мүчө болгон. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары алынып, Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы киргизилген. 

ЕАЭБ — Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тарта түзүлгөн экономикалык биримдик. Ага Армения да мүчө болгон. Биримдиктин алкагында ага мүчө мамлекеттер арасында товар, кызмат, капитал жана эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0