БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун өтүшүнө кылмыштуу жана башка күчтөрдүн кийлигишүүсүнө чаралар көрүлүп, бөгөт коюла турганын ИИМ министри Мелис Турганбаев селектордук жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын жүрүшүндө жети дубандын жана Бишкек, Ош шаардык ИИБ жетекчилери менен коомдук жана криминалдык абал көзөмөлөп, коомдук тартипти камсыздоого даярдык талкууланды.
"Шайлоо жана үгүт өнөктүгү учурунда ички иштер органдарынын жеке курамы шайлоо участкаларынын ички маселелерине кийлигишпестен, жарандардын жана коомдук тартипти камсыздоо менен гана алек болушу керек", — деди Турганбаев.
Министрликте биринчи орун басард башында турган оперативдүү штаб түзүлгөн. Ушундай эле штабдар ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө да уюшулду.
"2338 шайлоо участкасында 9310 милиция кызматкери жана 9 миңден ашуун ыктыярчылар тартипке көзөмөл кылат. Ар бир шайлоо участкасына бирден жетекчи бекитилип, 1 миңден 7 миңге чейинки күзөт кызматкери", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин бөлүмдөрү шайлоо бюллетендерин даярдоодо жана участкалардагы алардын коопсуздугун сакташат. Мындан тышкары, убактылуу жайда кармалып отурган жарандардын добуш берүүсүн камсыздайт.
Шайлоочулардын биометрикалык идентификациядан өтүү маалында участкалардагы жабдуулардын коопсуздугу үчүн күнү-түнү куралдуу нөөмөт уюштурулган. Жабдуулардын коопсуздугу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.
"Шайлоо жүрүшүнө кылмыштуу жана башка элементтердин кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этип, коомдук тартипти бузгусу келген жарандарды өзүңөрдүн келечегиңер менен ойнобогула деп чакырам. Абалды туруксуздаштырууга багытталган бардык аракеттерге мыйзам чегинде бөгөт коюлуп, аёосуз чара көрүлөт", — деди Турганбаев.
Жыйында ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча тажрыйбасы бар экени айтылып, алдыдагы шайлоого толук даярдыгы белгиленди.