БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Американын Apple компаниясы Москванын талабына көнүп, россиялык колдонуучулар тууралуу маалыматты өлкө аймагындагы серверлерге сактоого макулдугун бергенин бир катар ЖМКлар азып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, Apple компаниясы Россиядагы колдонуучулар тууралуу маалыматты Москвадагы IXcelerate компаниясынын серверлеринде сактайт. Азырынча Apple жана IXcelerate компаниялары эч кандай комментарий бере элек.
Алгач бул мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек, бирок депутаттар аны 1-сентябрга калтырышкан.
Чет элдик компаниялардын ичинен колдонуучулар жөнүндө маалыматтарын Россияда сактоого биринчилердин болуп америкалык eBay компаниясы макулдугун берген. Ошондой эле, booking.com, Uber компаниялары да макул болгон.
Учурда Facebook компаниясы да россиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтарын жергиликтүү серверлерде сактоонун жол-жобосун караштырып жатканын россиянын бир катар ЖМКлары маалымдашты.