БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) инспекторлору унаа салыгынын квитанциясын талап кылууга укуктуу экенин Sputnik агенттигине мекеменин маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.
Оторовдун айтымында, жол кыймылынын эрежелерине ылайык, айдоочу күбөлүгүн, техпаспортту жана салык квитанциясын айттырбай көрсөтүүсү керек.
"Эгер айдоочу квитанциясын үйдө унутуп калса, протокол түзүүдө айдоочунун түшүндүрүүсү деген пунктта бул белгиленет. Кийин айып пул төлөөдө ал квитанциянын көчүрмөсүн көрсөтүшү керек. Эгер айдоочу салык төлөбөсө, калпы чыгып калат", — дейт ЖЖК өкүлү.
Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн жарандарга эки миң сом өлчөмүндө айып салынып, ар бир күнгө туум эсептелинет.Текшерүү учурунда документтери жок жүргөн айдоочу 500 сом айып пул төлөйт.
Оторов төлөө тууралуу чеги бар айдоочу инспекторго квитанциянын көчүрмөсүн көрсөтсө болорун кошумчалады.