БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматынын башкы башкармалыгы саясий партияларга өз штабдарын, кеңселерин коргоо боюнча келишим түзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан саясий партиянын кеңсесине ууру кирип, 90 миң сомду уурдап кеткен. Учурда милиция кызматкерлери ууруну кармоо боюнча ыкчам-иликтөө аракеттерин көрүп жатат.
Партиялардын кеңселериндеги мүлктү коргоо үчүн ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматтын башкы башкармалыгы алар менен келишим түзүүнү сунуштайт.
Келишим түзүүдө тараптардын милдеттери такталат. ИИМдин Мамлекеттик атайын кызматынын башкы башкармалыгы имараттын абалын текшерип, анын начар болгон жерлерин аныктайт. Ошондой эле кеңсе кызматкерлеринин кирип-чыгышын, баалуу буюмдардын сыртка чыгышын көзөмөлдөйт.