00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дьяченко жол инспекторлорунун жеке унаасын кызматтык унаага айлантуу жолдорун түшүндүрдү

Жазылуу
Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко инспекторлордун жеке унаасын кызмат учурунда пайдалануу тууралуу буйруктун маанисин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко инспекторлордун жеке унаасын кызматтык унаа катары жабдуу тууралуу ИИМдин буйругун түшүндүрүп берди.

Буйрукка ылайык, Жол кайгуул кызматкерлерине жеке унаасын кызматтык машинага катары пайдаланууга укук берилет. Мындай унаа кызмат өтөөдө гана пайдаланылышы шарт. Мындай чечим кызматтык унаалардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кайгуул кызматкерлери жеке унаасын кызматтык унаага айланта алат
Дьяченко бул үчүн инспекторлор менен келишим түзүлүп, анда жол кырсыгына кабылган учурларды камсыздоо сыяктуу факторлор камтылган. Келишим мекеме ичинде түзүлгөн документ болгондуктан, андагы маалыматтар жашыруун бойдон калат.

Жол кайгуул кызматынын жетекчиси келишим инспектордун каалоосу менен түзүлө турганын кошумчалады. Бардык керектүү каражатты аталган кызмат бөлүп берет.

Дьяченконун айтымында, унаага чаптамаларды жабыштыруу жана тийиштүү жабдык алууга 30 миң сомдон ашуун каражат талап кылынат. Буйрукка ылайык, инспектор машинасына атайы жарык берүүчү жана үн чыгаруучу белгилерди коюшу керек. Мындай жабдуу менен жабдылган жеке унааны Жол кайгуул кызматкерлери кызмат учурунда гана пайдалана алат. 

"Унааларды жумуштан башка убакта пайдаланууга тыюу салынат. Эгер кызматкере жумуштан кете турган болсо, келишим жокко чыгарылат", — дейт Дьяченко.

Кызмат учурунда пайдаланууга берилген жеке унаа үчүн компенсация берүү боюнча токтом чыккан. Ага ылайык, 100 чакырым жүргөн унаага атайы каражат бөлүнөт. 

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору үн жана видео жазуучу жабдууларды тагынат
Мисалы, "Мерседестин" ээси унаанын чыккан жылы жана көлөмүнө жараша болжол менен 437 сом алат.

Эгер унаа бийик тоолуу аймактарга чыкса, компенсациянын көлөмү 10 пайызга жогорулайт. 

Токтомдо унаалардын түрү жана ага ылайык төлөнүүчү каражаттын суммасы түшүрүлгөн таблица бар. Эгер инспектордун унаасы таблицада жок болсо, ал үчүн машинанын классы, техникалык өзгөчөлүгү боюнча акча берилет.

Дьяченко учурда жеке унаасын кызматтык унаага айлантууну каалаган 15 ыктыярчы даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0