БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм кызды куткарып, өзү Ысык-Көлгө чөгүп кеткен Бишкектин 29 жаштагы тургуну Памир Исмаевди издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирет.
Кырсык 17-август күнү болгон. Маалыматка ылайык, учурда издөө иштери Корумду айылына баштап Григорьевка-Пристанга чейинки аралыкта жүргүзүлдү. Бул болжол менен 15 чакырымды түзөт.
Он күндөн берки жүргүзүлгөн издөө иштеринен азырынча натыйжа боло элек.