БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң — Автодорожный" өткөрүү пунктунда 12 миллиметр калибриндеги куралдын 56 огу табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ок-дары Казакстандын жаранына тиешелүү "LEXUS" унаасын текшерүү учурунда табылган. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылганы аныкталды.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ок-дары салып жүргөн жаран ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.