00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:09
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркиянын куралдуу күчтөрү күрд согушкерлеринин жайларына сокку урду

© Official Website of the Turkish Air ForceИстребитель Турецкой воздушной армии. Архивное фото
Истребитель Турецкой воздушной армии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын жазганына караганда, Түркиянын Аба аскердик күчтөрү өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Күрд жумушчу партиясынын 17 объектине сокку урду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түркиянын Аба аскердик күчтөрүнүн учактары Күрд жумушчу партиясына караган 17 объектиге сокку урду деп Рейтер агенттиги армияга шилтеме кылып билдирди. 

Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчу партиясынын Хаккяри провинциясындагы позицияларына 10-11-августта абадан сокку урулган. 

Стамбулда террорчуларга каршы 5 миң полиция ири рейд жасады
Дүйшөмбү күн эртең менен белгисиз эки адам АКШнын Стамбулдагы консулдугу жайгашкан имаратка ок атып, андан соң кылмыш болгон жерден из жашырып кеткен. Андан бир нече саат мурун Стамбулда дагы бир инцидент болгон. Жекшемби түнү жергиликтүү полиция турган аймаката автоунаадагы мина жарылып, имарат ураган. Андан кечирээк белгисиз адамдар жарылуу болгон аймакты иликтеп жүргөн полиция кызматкерлерине ок чыгарып, анын кесепетинен бир кызматкер курман болгон. Ок чыгаргандардан атышууда үчөө өлгөн. Франс Пресс агенттигинин жазганына караганда, бул кол салуулардын артында Күрд жумушчу партиясы турат.

Түркияда абал 20-июлдагы Сирия менен чектешкен аймакта "Ислам мамлекети" радикалдык уюмунун жасаган терактыдан полиция кызматкерлери курман болуп, анын жоопкерчилигин Күрд жумушчу партиясы өзүнө алгандан тарта курчуй баштаган. Акыркы үч аптада күрд согушкерлери тарабынан 35 адам өлдү, алардын ичинен 24ү аскер адамдары жана полиция кызматкерлери болду.

Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү "Ислам мамлекетинин" жана Ирактын түндүгүндөгү Күрд жумушчу партиясынын позицияларына сокку урду. Сокку Түркиянын чек ара тилкесинен F-16 үлгүсүндөгү истребителдерден, танкалардан жана артиллериялардан жасалууда. Буга жооп кылган Күрддөрдүн партиясы өзүнүн сайтында Анкара менен жарашуу маанисин жоготту деген билдирүү жайгаштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0