БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-август күнү "Камаз" үлгүсүндөгү унаа карагайды сүзүп, Чоң Чүй каналына түшүп кеткенин ИИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, натыйжада бир катар жарааттары менен 32 жаштагы айдоочу Бишкек шаарындагы №1 оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жаткырылды.
Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.