ӨКМ: 25- 27-июлда өлкөнүн көп аймагында сел жүрүшү мүмкүн

© Тимур АлымбековТоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын "Балыкзавод" тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары.
Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын Балыкзавод тилкесинде мөңгүлөрдүн эриши менен Тоң суусуна Ак-Сай, Кара-Суу суулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда күндүн ысышынан жана мөңгүлөрдүн эришинен улам, өлкөнүн бир топ аймактарында дарыялар нугунан чыгып жатат.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Өлкө аймагында 25- 27-июлда көп жерлерде жамгырдан улам сел жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Чүй жана Ысык-Көлдөгү дарыяларда суунун нугу кескин көтөрүлүшү күтүлүүдө. 

"Мындай жагдайлардан улам, бардык жарандарды жана тараптарды абайлоого жана кыраакы болууга чакырабыз", — деп эскертти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Учурда күндүн ысышынан жана мөңгүлөрдүн эришинен улам, өлкөнүн бир топ аймактарында дарыялар ташып, бир топ жерлерди суу каптаган учурлар кедешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0