БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Ысык-Көлдүн Григорьев айылында Казакбай Асанкожоев аттуу жаран шар аккан сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-июлда болгон. Агып кеткен жаран болжол менен 60-65 жаштарда экени аныкталды.
Издөө иштерине министрликтин №31 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган, бирок Асанкожоев табылган эмес. Учурда алты куткаруучу издөө иштерин улантууда.