БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматы "АВТОЛЕДИ-Бишкек 2015" сынагын өткөрө турганын мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.
Билдирүүгө ылайык, сынак үстүбүздөгү жылдын 27-августунда "Автоучкомбинат" автодромунун аймагында өтөт.
Сынакка "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар бардык айымдар катыша алат. Ички иштер министрлиги жана Жол кайгуул кызматы тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чарага катышуу үчүн 20-августка чейин катталуу керек.