Борбор калаадагы эски аянтта Айт намазы окулуп, ага 100 миңдей киши келгенин КР муфтийи Максат ажы Токтомушев билдирди.
Орозонун аякташына арналган Айт намаз 17-июлда эртең мененки саат 7:40та жамаат менен окулду. Кыргызстанда Орозо 18-июнда башталып, 16-июлда аяктады. Быйыл Орозо 29 күнгө созулду.
Муфтий Максат ажы Токтомушевдин айтымында, Айт намазы Кыргызстандын бардык аймактарында окулду.
"Бишкектеги Айт намазын окууга 100 миңдей киши келди. Андан сырткары шаардагы мечиттерде да окулду", — деди ал
Майрамдык намазга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бир катар депутаттар, элчиликтин өкүлдөрү жана башкалар келди.
Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берип, Орозо айы — көңүлдөгү таарынычтарды кечип, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакыруу экенин белгиледи.

Бишкек шаарында майрамдык намаз болду.

Айт намаз эртең мененки саат 7:40та башталды.

Майрамдык намаз Эски аянтта өттү.

Айт намазын муфтий Максатбек ажы Токтомушев кылдырды.

Бул күнү мусулмандар бир-бирин куттуктап, эң кооз кийимдерин кийишет.

Айт намазга кары жашы дебей келди.

Коомдук тартипти укук коргоо органдары сакташты.

Илгери үмүт менен келген шаар тургуну.

9/20
© Тынчтык Турдалиев
Эски аянтка 100 миңдей киши келди.

17-июль эс алуу күнү деп жарыяланды.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандардын биримдигин бузууну каалаган бир топ террордук жана экстремисттик топтор бар экенин айтты

Майрамдык намаз Кыргызстандагы бардык мечиттерде өттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди

Президент Алмазбек Атамбаев майрамдык намазды кичи мекени Арашан айылында окуду

Орозо айт 30 күндүк Орозодон кийин майрамдалат.

Майрамдык намазга бир катар аткаминерлер да келди.

Эски аянтка киши көп келгендиктен бут коерго жер калган жок

Айт намазга депутаттар, министрлер жана мэриянын өкүлдөрү катышты

Кылынган намаздардын кабыл болушун сурануу

20/20
© Тынчтык Турдалиев
Майрамдык намаз эртең мененки саат 8.00де аяктады.