БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Бактыбек Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундага ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.
Өкмөттүн буга чейинки өкүлү Канатбек Исаев күзгө белгиленген парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендиктен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
Кудайбергенов буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп иштеп келген.