Ысык-Көлдүн айрым аймактарында кар жаап жатат

© Кумтор Голд Компани"Кумтөр" кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кен жайында кар жаап жатат.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кени орун алган аймакта азыр жамгыр карга айланып жаап жатканын компаниянын ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. 

"Түбөлүк тоң каптаган аймакта дайыма жаан-чачын болуп турат. Түштөн кийин аба ырайы кескин өзгөрүп турушу кадимки көрүнүш", — деп билдирди ЖМК менен байланыш бөлүмү. 

ӨКМдин маалыматында, өлкө боюнча күн абдан ысык, абанын температурасы +41 градуска чейин жетери болжолдонууда.

Кен аймагында иштеген бардык кызматкерлер жылуу кийим-кече, жылуу жатакана, ысык тамак-аш менен толук камсыз болгонун ишканадан кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0