УКМК психикасы жабыркаган адамга жарактуу деген кагаз берген фактыны аныктады

Жазылуу
Нарында психиатрдын автоунаа айдоого болбойт деген бүтүмүнө карабай, ал адамга жарактуу деген далилкат жасап беришкен.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Нарын облусундагы медициналык кызмат башкармалыгынын психоневрологиялык диспансердеги адамга жасалма далилкат бергендигин аныктады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Азык-түлүк сатып алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо айында психикалык оорулар жаткан жайга азык-түлүк жеткиришти
"Аталган Башкармалыктын кызматкери ишинен пайдаланып, мыйзам бузуп, психиатрдын автоунаа айдоого болбойт деген бүтүмүнө карабай, ал адамга транспорт башкарууга болот деген жалган далилкат берген", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

2015-жылдын 1-июлунда Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду деп кошумчалашты УКМКдан.

Жаңылыктар түрмөгү
0