Кувейт Кыргызстандагы эки ири долбоорго жардам бермей болду

© Sputnik / А. Игнатов / Медиабанкка өтүүКувейт шаары. Архив
Кувейт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу жолугушууда Кувейт фонду менен кызматташуунун алкагында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сунуштоо маселеси талкууланды.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Кувейт Бишкектеги Нейрохирургиялык госпиталдын курулушун каржылап, жаңы салына турган Тамга – Каракол электр өткөрүүчүнүн техникалык-экономикалык негиздерин иштеп чыгууга техникалык жардам бөлмөй болду. Маалыматты ТИМдин маалымат кызматы таратты. 

Кыргызстан Кувейт менен соода-экономикалык жана туризм тармагында кызматташууга даяр
Бул туурасында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов менен болгон жолугушууда Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Азия өлкөлөрү менен кызматташуу Департаментинин директору Юсуф Аль-Бадр билдирди. 

Эки тараптуу жолугушууда Кувейт фонду менен кызматташуунун алкагында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сунуштоо маселеси талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0