БИШКЕК, 3-июль —Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолукту. Анда Улуттук банк менен "Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондусунун" финансылык мекемелердин, ишкерлердин арзан жана узак мөөнөттүү кредиттерди пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында өз ара кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы эл аралык финансылык рыноктордогу жана Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга Улуттук банктын мониторинг жүргүзүүсүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.