Мугалимдердин айлыгынан 8 млн. сомдон ашык акча жеп алгандар аныкталды

Жазылуу
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине иш абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Мугалимдердин айлыгына төлөнчү 8 млн. сомдон ашык акчаны жеп алган Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Эмгек мугалими спорт залын оңдоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө кошумча 2 млрд. 200 миң сом каралды
Маалыматка ылайык, аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2014-жылы жасалма документтерди жасап, мугалимдердин айлыгына төлөнчү каражатты жеп алышкан.

Анын кесепетинен мамлекетке 8 миллион 15 миң сом зыян келтирилген. 

Учурда Сузак районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине иш абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн, ишенип тапшырылган мүлктү коротуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0