Ниязалиева: мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө кошумча 2 млрд. 200 миң сом каралды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭмгек мугалими спорт залын оңдоодо. Архив
Эмгек мугалими спорт залын оңдоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын сентябрынан тарта билим берүү тармагында иштеген эже-агайлардын айлыгы 50 пайызга көбөйөт.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Кыргызстандагы билим берүү системасында иштеп жаткандардын айлыгын көтөрүүгө 2 млрд. 200 миң сом кошумча каражат каралды. Бул туурасында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди. 

Ниязалиева учурда өкмөт билим берүү системасында бир катар маанилүү делген чечимдер кабыл алынып жаткандыгын айтты.

Ал буга президенттин буйругу менен мугалимдердин айлык маяналары көбөйө тургандыгын мисал келтирди.

"Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта айлык 50 пайызга жогорулайт. Аны менен катар эле билим берүү мекемелериндеги тиешелүү квалификациясы барларга ай сайын кошумча каражат төлөнүп турат", — деди Ниязалиева. 

Вице-премьер муну менен буга чейинки кошумча төлөмдөр маселен, бийик тоолуу жана алыскы аймактарга, элет жерине, педагогикалык эмгек күнүнө, илимий даражасына, сыйлыктарына каралган акчалар сакталарын кошумчалады.

"Мектепке чейинки мекемелердин, мектеп-интернаттын, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын айлык акысына да 50 пайыз каражат кошулат", — деп билдирди Ниязалиева. 

Вице-премьер-министр айлык акыларды көтөрүүгө жалпысынан кошумча 2 млрд. 200 миң сом  каралгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0