БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Жер-Үй кенин иштетүүгө жарыяланган сынактын жеңүүчүсү жалпы суммадан калган 90 миллион долларды төлөө мөөнөтү 2015-жылдын 22-июнунда аяктайт. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы эскертти.
Сынактын негизинде Талас облусундагы Жер-Үй кенин иштетүү укугуна "Восток-геолдобыча" ишканасы ээ болгон. Мыйзам талабына ылайык, компания 100 миллион доллар өлчөмүндө төлөм төгүшү керек. Буга чейин "Восток-геолдобыча" кепилдик үчүн жалпы сумманын 10 миллион доллары мамлекетке которулган.
Эгер 90 миллион доллар көлөмүндөгү акыркы төлөм өз убагында төлөнбөсө, сынактын жеңүүчүсү кен иштетүү укугунан ажырап, кен казуу укугу кийинки көп упай топтогон компанияга өтөт. Мында жеңүүчү компания тарабынан төлөнгөн кепил берүүчү 10 миллион доллар кайра кайтарылбайт.
Жер-Үй алтындын кени боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет.