БИШКЕК, 4 июнь — Sputnik. Талас облусунда тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан Жер-Үй алтын кенин иштетүүнүн максаттары жана артыкчылыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Шаршемби күнү мамагенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, Каржы жана Экономика министрликтеринин өкүлдөрү Талас облусунун Манас жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары менен кезектеги жолугушуусун өткөрүштү.
"Восток-геолдобыча" ААК расмий өкүлү Базарбай Мамбетов тургундарды Жер-Үй кенин иштетүү боюнча план менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.
Мындай жолугушуулар Талас облусунда май айынын тарта жүргүзүлүүдө.
Жер-Үй алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет.
Май айынын башында "Восток-геолдобыча" компаниясы сынакта Жер-Үй кенин иштетүү үчүн кен байлыктарды пайдалануу жана Жер-Үй аянтын геологиялык изилдөөгө алуу укугун жеңип алган.