00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгына карата Жарлык чыгарды

© Sputnik / Роман Денисов / Медиабанкка өтүүАт жетелеген киши тоодо. Архив
Ат жетелеген киши тоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган социалдык демилгелерди колдоо үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 10 миллион сом бөлүндү.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул документтин алкагында бир нече иш-чаралар белгиленин президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Таратылган билдирүүдө кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш экендиги айтылат. 

"Бирок бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда", — деп айтылат Жарлыкта.

Документте Кыргызстандын мамлекетти жана элдин биримдигин бекемдөө ишин илгерилетүү, өлкө тарыхындагы жазыла элек барактарды толтуруу, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында токтом кылынат деп жазылган.

Жүз жылдыктын алкагында Үркүндө качкандар кырылган жерлердеги адамдардын сөөктөрүн жерге берүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу, Бишкек шаарында эстеликти, ошондой эле адамдардын сөөктөрү коюлган жерлерде эстелик мамыларын орнотуу каралган. Андан сырткары 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын алкагында курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген жумушчу топту түзүү, ошондой эле ушул маселе боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралган.

Парламентте акын Жеңижок Көкө уулунун 155 жылдык юбилейин белгилөө сунушу айтылды
Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган социалдык демилгелерди колдоо үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 10 миллион сом бөлүндү. 3 миллион сом Ысык-Көл облусундагы ашууларда каза болгондордун сөөктөрүн жерге берүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана мамлекеттик башка органдар менен бирдикте аткаруу үчүн каралды. 5 миллион сом Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – 1916-жылдагы окуяларда набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу демилгелерди колдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн бөлүндү. Ал эми 2 миллион сом "Мурас" Фондуна – 1916-жылдагы окуялар боюнча архивдик жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү үчүн жумшалмакчы. 

1916-жылдагы Үркүн, улуттук боштондук үчүн күрөш кыргыздардын башынан өткөргөн чоң мүшкүл болуп эсептелет. Кытайга качан элдин көпчүлүгү жазалоочу отряддардын огунан сырткары, жолдо, ашууларда ачарчылык менен сууктан каза тапкан. 

Президент кол койгон документте биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен падышалык саясатка болгон нааразычылык улуттук-боштондук кыймылын күчөткөнү айтылган. 

"Түркестандагы жергиликтүү калкты аскердик-ооруктук жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышанын жарлыгы жапырт каршылык көрсөтүүгө тикелей түрткү болду. 1916-жылдын 4-июлунда Кожент шаарында тажиктер, кыргыздар, өзбектер жана Фергана өрөөнүндөгү башка элдер алгачкы толкундоолорду баштаган. Андан көп өтпөй жер-жерлердеги кагылышуулар бүткүл Түркестанды кучагына алган. Анын кесепетинен жергиликтүү калк жана орус келгиндери жабыр тартышкан", — деп жазылат Жарлыкта. 

Кыргызстандагы массалык толкундоолор көтөрүлүшкө айланып, бирок ал орус элине эмес, падышачылыктын колониалдык саясатына каршы болгон. Кыргыздардын көтөрүлүшүн башка улуттар да колдогон. Ысык-Көлдө орус дыйкандарынын падыша аскерлерине каршы ок аткан учурлары да болгон деп айтылат Жарлыкта.

Жаңылыктар түрмөгү
0