Кыргызстандун борборунда "Жеки Чан", "Рассел Кроу" "Владимир Познер" жана башка "белгилүү инсандар жашайт".
Sputnik кабарчысы Бишкектен дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарга түспөлдөш адамдарды тапты. Алардын кимдир бири белгилүү адамга окшоштугуна кайдыгер караса, экинчилери өзүн Голливуд жылдызындай сезип кеткен учурлар да болот.
45 жашар "Жеки Чандын" өз аты Бакыт Кудайбергенов жана ал "Кыргыз темир жолунун" кызматкери. Ал эбактан бери эле өз атынан чакыргандарга кулак салбай калганын айтат.
"Мен Жеки аталып калганыма 20 жылдан ашты. Көчөдөн бирөө "Бакыт" деп чакырып калса, мен кайрылбайм дагы. Ал эми "Жеки" деген атты укканда дароо карайм", — дейт Кудайбергенов
Орус актеру Михаил Пореченковго окшош бишкектин тургуну – Борис Глобус. Ал 37 жашта жана "Ретро-FM" радиосунда ди-джей болуп иштейт. Анын сүрөтүн азыр көрүп жатканы менен, үнүн эртең менен миңдеген кыргызстандыктар угуп келет.
53 жашар эркин сүрөтчү Алимжан Жоробаев Голливуд жылдызы Лоуренс Фирбёрнго жана Морфиус деген ат менен белгилүү фантастикалык согушкер "Матрицага" окшош.
Бишкектик жаш жигит Александр Бобров Голливуддагы эң көп акча тапкан актеру Марк Уолберге окшош. "Ал жакшы жана жылдыздуу. Өзү бутуна туруп, ал тургай, баңгиге эч кызыкпаганын билем. Бирок кийин музыка менен алектенип, киного тартыла баштаган", — дейт өз "түгөйү" жөнүндө Бобров.