БИШКЕК, 22-май – Sputnik. Саха Республикасынын Якутск шаарында кыргызстандык жашоочуга карата чет элдик жарандарды миграциялык эсепке жасалма тургузуу фактынын негизинде алгачкы тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгонун аталган республика боюнча ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандык аял өз үйүндө Якутскиге барган жердештерин каттоого тургуза берген. Мындай мыйзам бузуучулук миграция тартиптеринин сакталышын текшерүү учурунда полиция кызматкерлери тарабынан ачыкка чыккан.