БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Белгилүү журналист Кенжалы Сарымсаков 76 жашында узак оорудан каза болду.
Ал 1939-жылы 5-мартта Чүйдөгү Мураке айылында төрөлгөн. Сарымсаков көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген.
Кийин ардактуу эс алууга чыккан соң жаш журналисттерге кеп-кеңештерин берип, кесиптик тажрыйбаларынан үйрөтүп, кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларды уюштуруп келген.
Кенжалы Сарымсаковдун сөөгү 22-майда Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында жерге берилет.