БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарындагы сайга 16-апрель күнү саат кечки бештер чамасында Майлуу-Суу сайына агып бараткан үч жаранды куткаруучулар маалында суудан чыгарып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, 25 жаштагы Кристина Кученкону, 23 жаштагы Дмитрий Тримбушевди жана 27 жаштагы Илья Давыдовду сууда агып бараткан жеринен кармап, куткарып калышкан.