БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Төрт жаштар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин шаардык милиция 2011-жылы төрөлгөн кызды зордуктады деп шектелген жаранга дүйшөмбү күнү кечинде издөө жарыялаган.
Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен 1984-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.
Бул жаран бардык күнөөсүн мойнуна алган. Жакын арада анын баш коргоо чарасы чечиле турганын милициядан маалымдашты.