21-март, Нооруз майрамында борбор калаадагы "Ак-Кула" ат майданында "Нооруз-2015" республикалык турниринин финалдык оюндары болду. Биринчи орунду Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен беттеште жеңип чыккан Талас облусунун "Талас" командасы ээледи. Үчүнчү орун үчүн "МДВ" менен "Бөрүлү" командалары беттешип, "МВД" командасы утуп алды.
Оюнду ар бир топтон төрттөн — бардыгы сегиз киши ойнойт. Таймаш эки тайм менен өтүп, ар бир оюн 20 мүнөткө созулат.

Көк бөрү — кыргыздардын кылымдардан бери келе жаткан оюну.

Көк бөрү боюнча республикалык турнирдин финалы "Ак-Кула" ат майданында өттү.

Финалдык мелдеште Талас менен Чүй облустарынын командалары күч сынашты.

Таластын командасын оюн алдынды.

Бир командада төрттөн киши ойнойт.

Улакчы жигиттер карылуу келип, атаандашынын колунан улакты жулуп алууга күчү жетет.

Оюнда жаракат алуу кадимки көрүнүш.

Чарчаган оюнчуларды алмаштыруу үчүн кезегин күткөн улакчылар.

Улакты тай казанга ыргытуу.

Оюндун жүрүшүн ат үстүндөгү калыстар карашат.

Айыгышкан кармаш.

Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасы.

Көк бөрүнүн эрежеси убакыт өткөн сайын жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо.