Бишкек, 21-фев. — Sputnik. Коргоо кеңешинин катчысы болуп Темир Жумакадыров дайындалды. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев Жарлыкка кол койду.
Жумакадыров буга чейин Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.
Мамлекет башчысы Атамбаев күч түзүмдөрүнө жетекчилерине тааныштырып, жаңы катчынын ишине ийгилик каалады.