Олимпиада-Навальный жаңжалы: АКШ жана Британия таасирин сактоо далалатында

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Корея жана Япониядагы Олимпиада оюндарына Россия киберчабуул жасады деген Кошмо Штаттар жана Улуу Британиянын айыптоолору РФти кыйла таң калтырды.

Таң калуунун себеби да жөпжөнөкөй: "Москванын дүйнө жана спортко каршы кылмыштары" жөнүндөгү кезектеги акылга сыйбаган, курулай айыптоолору антироссиялык күн тартибин жайылтуу үчүн да, Россияны "жазалоо" боюнча чараларды кабыл алуу үчүн да маңызсыз. Бул туурасындагы Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Бир жагынан алып карасак, Батыштын русофобиялык медиакампаниясы ансыз деле жакшы жүрүп келе жаткан. Алексей Навальныйдын окуясы аягына чыга элек. Ага карабастан, кезектегисин, болгондо да мынчалык жогорку – тышкы саясий мекемелер жана негизги атайын кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде жаңы жалганды таратуунун зарылдыгы жок эле. Экинчиден, мурдагы тажрыйбалар, анын ичинде россиялык блогердин катышуусундагы окуядан улам Москвага каршы кандайдыр олуттуу жана оор чаралар кандай болгон учурда да көрүлбөстүгүн байкасак болот.

Вакцина жана маймылдар: "россиялык фейк" туурасында британдык фейк

Ошол эле убакта Вашингтон менен Лондондун бири-бирине үндөшкөн билдирүүлөрү да эки борбор калаанын көздөгөн максаты бир экендигин айгинелейт. Бирок маселенин төркүнү эмне? Жандырмагын бул айыптоолорго карата Токио жана Сеулдун реакциясынан издөө керек өңдөнөт. Япониянын өкмөтү "тийиштүү маалыматтарды" топтоого чейин убакыт алып, бул туурасында комментарий берүүдөн баш тартты. Түштүк Корея бийлиги да үн катпоону туура көрдү.

Кыязы, аймакта Батыштын негизги союздаштарынан болгон эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү жана атайын кызматтарына америкалык-британиялык операция туурасында кабар берилген эмес окшойт. Ошондуктан садага чабылып калбоо үчүн алар азыр абай салып, соңунда болушунча кылдат позицияда калуу далалатында. Маселен, Япониянын Олимпиада комитети өз ишинде эч кандай киберчабуулду туйбаганын билдирди. Болду-болбоду, бул жолку антироссиялык кампаниянын башкы бутасы РФ эмес, калган дүйнө – биринчи кезекте Батыштын өзү көрүнөт. Бул эки мамлекеттин саясий-атайын кызмат чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын өзгөчө тыгыздыгы да эбактан бери дүйнөгө маалым.

Укмуш кубаттуу делген Кошмо Штаттардын акырындап бузулушу жана эл аралык аренада Бириккен королдуктун көшөгө артындагы таасиринин чабалдашы соңку жылдары кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Бирок бул процесс экономикалык, бюрократиялык жана айрым саясий механизмдерди козгойт. Ошол эле убакта алигүнчө эки державанын үстөмдүгү талашкыс болгон тармактар да бар. НАТОдо америкалык армиянын биринчилигинен шек санап болбогондой эле континенталдык Европанын бир дагы маалымат каражаты таасирдүүлүгү жагынан британиялык Times же америкалык CNN менен теңтайлаша албайт. Коомдук пикирди тескөөнүн өтө күчтүү куралдары, тагыраак, Twitter менен Facebook өңдүү социалдык медианын бутактарынын көзөмөлү дал океан ар жагында экенин айтпай эле коелу.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

Вашингтондун RT же Кытайда пайда болгон TikTok боюнча катаал саясаты мындай түзүлүштөрдүн орду кыйла жогору экендигинен кабар берип турат. Бирок геосаясий атаандаштардын да медиалык таасир этүү боюнча бир топ күчтүү ресурстары бар. Кошмо Штаттар кынык алып алгандай аларды өз аймагында чектөөгө чара көрүүдө. Америкалык-британдык атайын кызмат жана пропагандисттик тандем үчүн Батыштын өзүндө атаандаштардын жаралышы кыйла катуу тиймек. Навальныйдын иши да алар үчүн өтө жагымсыз жана ылайыксыз процесстерден болууда.

Россиядан блогердин тегерегиндеги жаңжал көкөйгө тийген нерселердин уландысындай көрүнөр, бирок чындыгында ал да өзүнчө уникалдуу. Анткени толугу менен Берлиндин "жараткан эмгеги".

Ооба, Германия стандарттык русофобиялык күн тартибинен пайдаланды, бирок ал "улуу өнөктөштөрүнөн" аны тартып алып, өз алдынча оюнда колдонду.

Немецтер Навальныйды көзөмөлдөшөт. Аларга эмне зарыл болсо, блогер ошону айтат. Бир нече күн бою дүйнөдө маалыматтын негизги булагы германиялык басылмалар болуп, ал эми англис тилдүү маалымат каражаттары аларда жазылгандарга шилтеме кылып, жайылтып турду.

Ошондой жагдайда Олимпиадага чабуул койгон орус хакерлери жөнүндөгү окуя таптакыр башка мааниге ээ болот. Иш жүзүндө анын жардамы менен америкалыктар жана британдар жаңылыктардын күн деминен Навальныйдын темасын сүрүп чыгарууга умтулууда. Себеби маңызында, бул – аталган эки державанын атаандашынын долбоору.

"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?

Андан тышкары, Вашингтон жана Лондон үчүн глобалдык медиа саясий мейкиндиктин көзөмөлүн толук кайтарып алуу маанилүү. Болбосо аны бир аз убакытка немецтер башында турган Европа өзүнө баш ийдирип албадыбы. Кыска гана созулса да бул фактыны эрежелерге сыйбаган уникалдуу көрүнүш катары эмес, дүйнөлүк медиа-маалыматтык мейкиндиктеги алгачкы атаандаштык аракеттей сыпаттасак болот.

АКШ менен Улуу Британия акырындап дүйнөгө медиа үстөмдүк кылуудан тайып барат, себеби аларга эми геосаясий атаандаштары эмес, жакынкы эле союздаштары да чакырык таштоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0