19:55 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
394 0 0

Евробиримдиктин маңызына доо кетишин алдын алуу үчүн Германиянын ТИМи Чыгыш Европа менен Россиянын тарыхый согушуна чекит коёт дейт РФ Каржы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Экинчи дүйнөлүк согушту кайра жазууга киришкен чыгыш европалык кесиптештерине тыюу салды. Бирок бул кадамы тарыхты сыйлаганы же Россияга болгон арзуусунан улам болбогону анык, тек гана Берлиндегилер кастык маанайдагы евроскептиктерди өстүрүп алдыкпы деп чочулашты.

Берлинден күтүлбөгөн кадам

Жеңиштин 75 жылдыгынын алдында цивилизация тарыхындагы чоң жамандыкты жактаган ар кыл чыгыш европалык ревизионисттер активдеше баштады. Негизинен алар — согуштун тутанышына себепкер болгон каймактарынын жоопкерчилигин моюнга алгысы келбегендер же алтургай өздөрүн жеңилген улутчулдардын тукумдары деп эсептеп, тарыхты кайра жазгысы келгендер.

Польшанын активисттери (Гитлер менен тымызын сүйлөшүп алышы жана орустардан чочулаганы согуштун тутанышына себеп болгон өлкөлөр) СССР курмандык эмес, Экинчи дүйнөлүк согуштун демилгечиси деген пикирде. Прибалтикалык интеллектуалдар өлкөлөрү каардуу Советтер Союзу тарабынан басып алынганын айтып ыйламсырашат.

Украиналык улутчулдар Гитлердин үзөңгүлөштөрүн эскеришет, дал ошолор – СС (1933-1945-жылдардагы коргоо отряды, жеке Гитлерге баш ийген) жазалоо батальондору, тарыхта алардын бүтүндөй кыштактарды тургундары менен кошо өрттөгөн учурлары бар.

Жеңүүчүлөрдүн урпактары (анын ичинде антисоветтик ревизионизм жана улутчулдардын жан жөкөрлөрүн даңазалоо расмий идеология болуп саналган өлкөлөр) мындай нерселерге кыжырдануу менен карайт, бирок кандайдыр бир деңгээлде ишмерлерди бул ойдон айнытуу же жазалоодо алсыз экендигин да аңдашат.

Бирок жардам күтпөгөн жерден – Германиянын дал өзүнөн келбеспи. ФРГнын тышкы иштер министри Хайко Маас "Шпигель" басылмасына өлкөнүн улутчул өтмүшүнө болгон мамилесине арналган макаласын жарыялады. Аны белгилүү немис тарыхчысы Андреас Виршинг менен биргеликте жазышкан. Германиянын жетекчилигине мүнөздүү болгондой улутчулдардын кылмыштарына өкүнгөнүн билдирүүдөн тышкары, Хайко Маас чыгыш европалык жолдошторунун тарыхты кайра карап чыгуу аракеттери боюнча пикирин билдирди.

"Тарыхты кайра жазуу боюнча соңку айдагы аракеттер бизден түшүндүрмөнү талап кылууда, негизинен, алар – өзгөртүлбөй турган тарыхый фактылардан улам керексиз аракеттер. Германия Польшага кол салуу менен Экинчи дүйнөлүк согушка жалгыз өзү себепкер болгон.

Холокост кылмышына Германия гана жоопкер. Бул жаатты ким шек туудурбасын, кылмышкер катары башкаларды тандабасын, ал кылмыштын курмандыктарына карата адилетсиз, тарыхты менчиктеп, Европаны бөлүп-жарууда. Немистердин башынан өткөргөндөрү улуттук мифтер боюнча рационалдуу ой жүгүртүүнү басып кетчү ревизионизмдин кооптуулугун айгинелейт", — деп таасын билдирет Маас.

Министр "тарыхты бурмалабоого, ошондой эле курмандыктарды кылмышкерге жана басып алуулардын курмандыктарын агрессорлорго айландыруу аракеттерине каршы турууга" чакырды.

Башка нукта кетишкенби?

Министрдин мынчалык агынан жарылышы эмнеге байланыштуу? Анан калса, көптөгөн немис депутаттары Экинчи дүйнөлүк согуштун тутанышы боюнча Германияга да, СССРге да жоопкерчиликти жүктөө жөнүндөгү Европарламенттин резолюциясын жок дебестен колдоп беришкен. Бир жагынан макалада министрдин жеке көз карашы чагылдырылган, Маас — солчул көз карашты тутунат, социалист жана католик. Бирок ошол эле убакта министр өз тезистери менен Германиянын улуттук кызыкчылыктарын да баса белгилейт. Аларда чыгыш европалык ревизионизм жана анын себебинде пайда болгон нерселердин эч бирине орун жок. Германия үчүн улутчулдук өтмүшүнөн баш тартуу – бул өзүн-өзү кыйноо гана тургай, Евробиримдик концепциясынын таянычтарынын биринен куру жалак калуу.

"Эл аралык кызматташтыктын эрежелерине жана "өзгөчө жолдон" баш тартууга негизделген адамзаттык ар-намыстын универсалдуу формасы катары адам укуктары, күчтүү жана бирдиктүү Европанын демилгелерин колдойбуз. Мунун баары Холокосттогу үрөй учурган кылмыштарды аңдай билгенибиз менен толукталат", — деп айтылат Маастын макаласында.

Россия Илимдер академиясынын Е.М. Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Дмитрий Офицеров-Бельский Берлин минтип төгүндөбөсө, жалпы европалык долбоорду башкарышы татаалдайт.

"Маас, албетте, IV Рейхтин экономикалык негизде болсо да коркунуч туудурушу жөнүндө Германиянын дүйнөдөгү өнөктөштөрүндө ой жаралбашына кызыкдар", — дейт Офицеров-Бельский.

Жакынкы мезгилге чейин эле Берлин чыгыш европалык өлкөлөрдө ревизионизмдин өсүшүнө көрмөксөн болуп келген, ал түгүл Германияда (жалпы Батыштагыдай эле) мындай маанайды колдоп, Москвага басым жасоого, россиялык таасирди ооздуктоого "кол балдарды" өстүрүүгө үмүт артышкан.

Пландары ишке да ашып жаткан, Прибалтика ынанымдуу антироссиялык тирек болуп, "Галичиндин" СС дивизиясын жана бандеровчуларды ыйыкташтыруу Киев менен Москваны эки жээкке бөлдү. Ал эми Польша жана Чыгыш Европанын бөлөк өлкөлөрүндөгү РФ менен болгон тарыхый жаңжалдар чыгыш коңшу менен болгон эки тараптуу мамилелерди нормалдаштырууда олуттуу бөгөт болуп саналат.

Бирок көйгөйдүн баары чыгыш европалык ревизионизм чыгыш европалык улутчулдукка өрчүп кеткенинде. Ал эми бул нерсе Россияга гана коркунуч туудурбайт. Бул көрүнүш европалык интеграциянын өз маңызына каршы келет, ошондой эле (маселен, Польша менен болгон учурда) так антинемистик акцентке ээ.

Поляктар, албетте, Москвага каршылык көрсөтүү үчүн Берлиндин моралдык-материалдык жардамын кучак жая кабыл алат, бирок алардын тарыхый дооматтары орустарга караганда немистерге көбүрөөк.

Польшалык, венгриялык жана башка улутчулдардын өсүшү Евробиримдиктин жашашына түз коркунуч туудурат. Бул биримдик дал улутчулдукка каршы, жарандык улут концепциясына негизделген эмеспи. Евробиримдикте учурдагы капсалаңдуу окуялар ревизионизм менен тарбияланган чыгыш европалык улутчулдук Европаны майда-чүйдө фактыларга негизделген ички ажырым дооруна кайтара турган "Троя аты сымал бүлгүнгө учуратуучу белекке" айланып кетүү коркунучун күчөтөт.

Анын гүлдөшү Евробиримдикти бири-бири менен кайрадан жаңжалдашкан, анын ичинде территориалдык маселелер боюнча да араздашкан өлкөлөргө чачырайт (ревизионизмдин мурастарынын бири, себеби Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки катталган чек араларга баары эле ыраазы болуп калган эмес).

Ошондуктан Германия ТИМи бул согуш өткөндөн келечекке ооп жана Чыгыш эмес, Батыш менен башталып кете электе Чыгыш Европа менен Россиянын тарыхый согуштарына чекит коюуга киришти.

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Тема боюнча

Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Белгилер:
Евробиримдик, активист, СССР, тарых, Улуу Ата Мекендик согуш, Германия

ЭҢ МААНИЛҮҮ