00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:54
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
21:54
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
История выборов - политолог о пути от античной демократии до всеобщего избирательного права
14:08
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Изъятые у контрабандистов звери и нехватка ветеринаров - будни Каракольского зоопарка
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстанда өнөр жайды кантип өнүктүрүүгө болот: логистиканын ролу жана текстиль тармагындагы кризис
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Евразия как коммунальная квартира - историк МГУ о том, как формировался единый евразийский мир
18:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Канткенде Кыргызстанда илим өнүгөт, анын көйгөйү эмнеде?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Табиятты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда биринчи ирет Кыргызстандын стенди коюлду. Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул сыяктуу аянттар стратегиялык мамилелерди калыптандыруу жана бекемдөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк боло турганын айтты.Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Кыргызстан бүгүнкү күндө көптөгөн маселелер боюнча Россиянын эң жакын союздаштарынын бири экенин билдирди. Бул эң оболу экономика, ошондой эле коопсуздук, гуманитардык кызматташтык жана тарыхты сактоо маселелери экенин эстен чыгарбоо керектигин айтты.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 640 мугалим жетишпейт. Муну менен катар сентябрь айында Агартуу министрлиги мектептердеги кадрдык муктаждыктар боюнча жаңыртылган маалыматтарды алат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, эң чоң тартыштык орус тилинде окуткан предметтердин мугалимдеринин арасында байкалууда, анткени жаш адистер педагогикалык жогорку окуу жайлардын орус тилдүү бөлүмдөрүн сейрек тандашат. Буга байланыштуу министрлик кээде россиялык кесиптештерине колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып турат. "Учурда мектептерде чет өлкөдөн келген 140 мугалим иштеп жатат, бирок бул аздык кылат. Ушундан улам, эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен студенттер окуп жүргөн учурунда эле мектептерде иштеп, акча таба алышы үчүн атайын мыйзам кабыл алынган. Өткөн жылы Бишкекте ушундай көйгөй жаралып, 3-курстан баштап 400 студент шаардык мектептердеги мугалимдердин тартыштыгын жабууга жардам берди", - деди министр.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 1,2 миллиард долларды түзгөн 3,7 миңден ашык долбоорду каржылады. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.Анын айтымында, учурда фонд өз ишмердүүлүгүнүн багыттарын кайрадан түзүүдө.“Азыр жаңы багыттар биринчи планга чыгууда. Алсак, буга логистиканы өнүктүрүү кирет. Учурда Евразия мейкиндигиндеги кампа аянттарынын көлөмү 58 миллион чарчы метрге жакын”, — деди ал.
Бейтаптарды тез жана так текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген "Ден соолук чемоданы" аталышындагы долбоорду сыноо башталды. Бул туурасында мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине айтып берди.Экс-аткаминер аталган программаны анын командасы ишке ашырып жатканын кошумчалады.Чемодандын ичине глюкометр, тонометр, пульсоксиметр, электрокардиограф, УЗИ аппараты, кан менен зааранын анализин жасаган жабдуулар, ноутбук бар. Бардык аппараттар атайын программа аркылуу өз ара байланышта иштеп, система текшерүүнүн жыйынтыктарын автоматтык түрдө электрондук медициналык картага киргизет.Долбоордун авторлорунун айтымында, система төрт миңден ашуун оору боюнча маалыматтарды талдап, жасалма интеллектинин жардамы менен бейтапка болжолдуу диагноз сунуштай алат. Бирок медициналык так корутундуну дарыгер чыгарат.Учурда система Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сыноо иретинде колдонулууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0