https://sputnik.kg/20260603/1101674964.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү... 03.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-03T13:00+0600
2026-06-03T13:00+0600
2026-06-03T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101674798_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a0b69229c52ccca2248fa5b6a56a7c3b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Эл өкүлү акыркы жылдары аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыздоо, жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жаңы курал-жарактарды сатып алуу боюнча чоң иштер аткарылганын белгилеп, бул мекенге кызмат кылуунун кадыр-баркын көтөргөнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырганын билдирди.Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Коргоо министрлигинин Бишкек, Ош шаарларында жана Тамга айылында жайгашкан медициналык мекемелеринин базасында Куралдуу күчтөрдүн медициналык камсыздоо борборлорун түзүүнү сунуштады. Ага кошумча медициналык-лабораториялык заманбап жабдууларды сатып алуу, аскердик дарыгерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, бул жаатта башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын айткан депутат демилге ишке ашса аскер кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусуна шарт түзүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна да чоң салым кошорун кошумчалады.
Мамлекеттик ипотекалык компания курган Караколдогу үйлөрдү суу сапатсыз түтүктөрдүн орнотулушунан улам каптаган. Бул тууралуу депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.Эл өкүлү турак жайды курган ишкана эң арзан сапатсыз түтүктөрдү пайдаланганын, ал нөшөрлөгөн жаанга туруштук бере албай жарылып кеткенин белгиледи. Эскерте кетсек, катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдү суу каптаган. Компания буга төрт үйдүн түтүктөрүнө таштанды толуп бүтөлүп калганы себеп болгонун билдирген.
Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, азыр демилге талданып жатат. "Маселени Агартуу министрлиги эле чечпейт, башка мекемелер да тартылат. Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат", — деди Кендирбаева. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.
Кыргызстанда орус тилинин расмий макамга ээ болушу Россия менен билим берүү, илим жаатындагы алаканы өстүрөт. Бул туурасында РФтин жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский айтты. Ал Бишкекте өтүп жаткан "День русского языка в КРСУ" деп аталган эл аралык форумга катышууда. Могилевский жогорку тажрыйбалуу адистерди биргелешип даярдоо жана илим-изилдөө, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу туурасында кеп кылды. Бул иштер аймактагы эң чоң кампусу курулуп жаткан КРСУда ишке ашырыларын айтты.Россиялык аткаминер орус тили илимдин, билим берүүнүн жана эл аралык пикир алышуунун тили катары зор мааниге ээ экендигин белгиледи. Дүйнөдө миллиондогон адамдар бул тилде сүйлөөрүн кошумчалады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Эл өкүлү акыркы жылдары аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыздоо, жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жаңы курал-жарактарды сатып алуу боюнча чоң иштер аткарылганын белгилеп, бул мекенге кызмат кылуунун кадыр-баркын көтөргөнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырганын билдирди.Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Коргоо министрлигинин Бишкек, Ош шаарларында жана Тамга айылында жайгашкан медициналык мекемелеринин базасында Куралдуу күчтөрдүн медициналык камсыздоо борборлорун түзүүнү сунуштады. Ага кошумча медициналык-лабораториялык заманбап жабдууларды сатып алуу, аскердик дарыгерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, бул жаатта башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын айткан депутат демилге ишке ашса аскер кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусуна шарт түзүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна да чоң салым кошорун кошумчалады.Мамлекеттик ипотекалык компания курган Караколдогу үйлөрдү суу сапатсыз түтүктөрдүн орнотулушунан улам каптаган. Бул тууралуу депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.Эл өкүлү турак жайды курган ишкана эң арзан сапатсыз түтүктөрдү пайдаланганын, ал нөшөрлөгөн жаанга туруштук бере албай жарылып кеткенин белгиледи. Эскерте кетсек, катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдү суу каптаган. Компания буга төрт үйдүн түтүктөрүнө таштанды толуп бүтөлүп калганы себеп болгонун билдирген.Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, азыр демилге талданып жатат. "Маселени Агартуу министрлиги эле чечпейт, башка мекемелер да тартылат. Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат", — деди Кендирбаева. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.Кыргызстанда орус тилинин расмий макамга ээ болушу Россия менен билим берүү, илим жаатындагы алаканы өстүрөт. Бул туурасында РФтин жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский айтты. Ал Бишкекте өтүп жаткан "День русского языка в КРСУ" деп аталган эл аралык форумга катышууда. Могилевский жогорку тажрыйбалуу адистерди биргелешип даярдоо жана илим-изилдөө, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу туурасында кеп кылды. Бул иштер аймактагы эң чоң кампусу курулуп жаткан КРСУда ишке ашырыларын айтты.Россиялык аткаминер орус тили илимдин, билим берүүнүн жана эл аралык пикир алышуунун тили катары зор мааниге ээ экендигин белгиледи. Дүйнөдө миллиондогон адамдар бул тилде сүйлөөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101674798_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ec924a2b91d91b78313c9dab48e78e16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио